Блогер Адилет Балтабай абактан чыкты

Адвокат Эркин Саданбеков, блогер Адилет Балтабай жана анын жакындарынын бири.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек соттун чечимине ылайык Жаза аткаруу кызматынын №27 абагынан чыгарылды.

Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Эркин Саданбеков Фейсбуктагы баракчасында кабарлап, активист менен турган сүрөтүн жарыялады.

Жогорку Сот 19-апрелде Адилет Али Мыктыбектин арызын карап, аны канааттандырган. Ага карата үч жылдык пробациялык көзөмөл өкүмүн күчүндө калтырды.

Балтабай Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылып, үй-бүлөсүн карай турган жалгыз киши экенин айтып, абактан бошотууну өтүнгөн.

Блогер быйыл 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Быйыл январда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарып, активист кайра камакка алынган болчу.

Адилет Балтабай өкмөттү сындаган түрдүү акцияларды социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирде чагылдырып, өз пикирин ачык айтып жүргөн.

Милиция анын күнөөлүү экенине далил бар экенин билдирсе, активист, жакындары жана адвокаттар кылмыш ишин анын социалдык тармактардагы активдүүлүгү, бийликти сындаганы менен байланыштырган. (ErN)

Дагы караңыз

Пробация "кайырмакка" айландыбы? Журналист, блогерлердин сот иштериКазакстанга күнүнө 7 миңдей орусиялык жаран кирип жатат Индия быйыл жайда калктын саны боюнча биринчи орунга чыгары күтүлүүдө