Суданда Европа Биримдигинин элчисине кол салуу болду

Суданда армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосундагы куралдуу кармаш бери токтой элек.

Судандын Хартум шаарында Европа Биримдигинин элчиси Эйдан О'Харага кол салуу болду. Бул тууралуу аталган уюмдун тышкы саясат башкармалыгынын жетекчиси Жозеп Боррель Твиттердеги баракчасына жазды.

Анда "Вена конвенциясы (дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн макамы тууралуу жобо) одоно бузулду. Эл аралык нормаларга ылайык, дипломатиялык миссиялардын жана алардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо - Судан бийлигинин биринчи милдети" деп белгиледи. Ал кол салуунун чоо-жайын тактаган жок, бирок элчинин абалы жайында экенин билдирди.

Суданда армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосундагы куралдуу кармаш төрт күндөн бери токтой элек. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Судандагы өкүлү Волкер Пертестин ырасташынча, жаңжалда бери дегенде 185тей адам мерт болуп, дагы 1800дөн көп киши жараат алды.

Мунун алдында БУУга караштуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза таап, экөө жараат алганы белгилүү болгон. Мындан улам бул уюм бул өлкөдө гуманитардык ишин убактылуу токтотуп жатканын билдирген.

Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу болууда. Соңку кармаштарга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду.

Аль-Бурхан менен Дагало 2021-жылдын октябрь айында Судандагы аскердик төңкөрүштү чогуу уюштуруп, өлкөдө демократиялык башкарууга өтүү аракети үзгүлтүккө учураган.

Жекшемби күнү алар жарадарларды жана жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн кыска мөөнөттө ок атышпоону макулдашкан.

Дагы караңыз

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев кармалдыБаткен: чек арадагы тургундардын курал алышынын жол-жобосу такталды Садыр Жапаров демөөрчүлүк фонду тууралуу түшүндүрмө берди Орусия: армияга электрондук чакыруу жөнөтүү ушул жаздан башталат