Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:07

Садыр Жапаров демөөрчүлүк фонду тууралуу түшүндүрмө берди


Нарын шаары, архивдик сүрөт.
Нарын шаары, архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Нарын шаарынын ички жолдорун курууга анын демөөрчүлүк фондунан акча берилерин айтты. Ошондой эле ага караштуу эки фонд бар экенин тактады.

"Нарын шаарынын жолдоруна бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси - демөөрчүлөрдөн чогулган фонд. Бюджеттен келген фонддон мамлекеттик иштерге гана жумшалат. Тагыраагы, республикалык бюджеттен каралбай калган объектилер болсо. Мисалы мектеп, бала бакча, же аскердик шаймандарды тез алуу керек болсо жана башка. Ал эми демөөрчүлүк фондумдан болсо кайсы иштерди бүтүрүш керек экенин өзүм билип бөлүп бере берем. Жакында Жумабек Салымбеков “Бай түшүм” банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылган. Ошол акча менен Нарын шаарынын жолдорун баштаттым. Кечээ Сергей Ибрагимов “Бакай” банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем. Мындан сырткары, Баткен менен Талас шаарларынын жолдорун ченеп чыккыла деп Транспорт министрлигине тапшырма бердим. Кийинки жылдары жасайбыз деп ниет кылып турам. Эгер баткендик жана таластык бай жигиттерибиздин марттыгы кармап кетип демөөрчүлүк кылышса, быйыл деле жасап салабыз",- деген президент.

2021-жылдын аягында Жогорку Кеңеш Бюджет кодексине өзгөртүү киргизген жана ага ылайык президенттин резервдик фондунун көлөмү республикалык бюджеттин кирешесинин 2% чейин жеткирилген.

XS
SM
MD
LG