Аба ырайы: Айрым аймактарда үшүк, кээ бир жерлерде сел жүрөт

15-16-17-апрелде Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо карга айланат.

15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши ыктымал.

17-18-апрелдерде абанын температурасы төмөндөп, Ысык-Көл, Нарын облустарында үшүк жүрөт.

Мындай суук аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2023-жылдын 15-16-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөт, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо карга айланат. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 жылыйт.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 20…22 жылуу болот.

Дагы караңыз

Пентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналган адамга айып тагылды Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган сот чечими күчүндө калдыБишкекте IV "Сайма -2023" кол өнөрчүлүк фестивалы өтүп жатат