Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Бишкекте IV "Сайма -2023" кол өнөрчүлүк фестивалы өтүп жатат


Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр, сүрөт музейинде "Сайма -2023" аталышындагы кароо-сынак фестивалы өтүп жатат.

Уюштуруучулардын "Азаттыкка" маалымдашынча, иш-чаранын максаты - кыргыздын салттуу маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жана сайма чеберчилигин сактоо жана даңазалоо. Кароо сынак фестивалына өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген кол өнөрчүлөр катышууда.

Фестивалдын жыйынтыгында эң мыкты саймачы жана "Эң мыкты белдемчи-2023" сынагынын жеңүүчүсү аныкталат.

Андан сырткары, уздардын колунан чыккан туш кийиздер, паннолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги "Кийиз дүйнө" коомдук уюму уюштурууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG