Жапон премьер-министри Фумио Кисидага жардыргыч зат ыргытылды

Фумио Кисида

Жапон премьер-министри Фумио Кисидага 15-апрелде, эрте менен Вакаямадагы митингде жарылгыч зат ыргытылган. Премьер-министр жана башка эч ким жабыркаган жок. Бирок иш-чара жылдырылды.

Kyodo News агенттиги жапон өкмөт башчысын көздөй ыргытылган зат түтүн чыгаргыч шашкага окшош болгонун жазды. Жарылгыч зат өкмөт башчы башкаруучу партиянын өзү колдоо үчүн келген талапкери менен сүйлөшүп жаткан учурда жарылган. Коопсуздук кызматы Кисиданы эвакуациялады, ал эми жарылгыч затты ыргыткан адамды полиция кармап кеткени кабарланды.


Социалдык тармактарда тараган тасмаларда ыргытылган жарылгыч заттын катуу үнү угулуп, адамдар чуу түшүп качканын, ал эми бир нече полициячы бир кишини жерге баса кармап турушканын көрүүгө болот.

Фумио Кисидага кол салуу мурдагы жапон премьер-министри Синдзо Абэнин өлүмүнөн кийин бир жылга жетпей жасалды. Былтыр июль айында Абэ башкаруучу партиянын талапкерин колдоп сүйлөп жатканда атып кетишкен. Абэ ооруканада көз жумган. Ага кол салуу Вакаямага коңшу - Нара префектурасында болгон.

Дагы караңыз

Славянскиде аткылоодон сегиз жай тургун набыт болдуАк-Суудагы психо-неврологиялык ооруканада эки ай мурун жоголгон аялдын сөөгү табылдыКыргызстанда май айында катары менен беш күн эс алуу болотBBC: Твиттерде пропаганда менен күрөшкөн адистер тартыш болуудаКонфискациябы же ыктыярдуубу? "Аю” боюнча эки башка маалыматОш: тирешкен аткаминерлер кызматтан кол жууду