Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:46

BBC: Твиттерде пропаганда менен күрөшкөн адистер тартыш болууда


Илон Маск
Илон Маск

Твиттерде Илон Маск кызматкерлерди жапырт жумуштан айдагандан кийин пропаганда менен күрөшкөн адистер жетпей жатат.

Мындан улам Твиттерде орусиялык жана кытайлык пропагандага жүздөгөн аккаунттар иштеп жатат. Бул тууралуу Би-Би-Синин иликтөөсүндө айтылат.

Анда Твиттердин "троллдор фабрикасынын" кампаниялары жана манипуляциясына каршы иштеген информациялык тобунун иши үзгүлтүккө учураганы айтылат.

Атын жашырган булак журналисттерге "Бардык иш орундар жабык. Твиттерде автоматташтырылган системалар гана калган" деп билдирген.

Азыр Твиттерде 1,5 миң киши иштейт. Социалдык түйүндү 2022-жылы октябрь айында миллиардер Илон Маск сатып алган тушта Твиттерде 8 миңге жакын киши иштечү. Би-Би-Си массалык кыскартуу натыйжасында компания пропаганданын алдында алсыз болуп калганын билдирди.

Би-Би-Си Твиттерде ушу тапта орус тилдүү "троллдордун" жаңы түйүнү иштеп жатканын билдирди. Алар Украинадагы орусиялык агрессияны колдоп, Киевди жана Батышты мазактап, көз карандысыз медиаларды сындап турат. Бул түйүндүн көптөгөн аккаунттары бөгөттөлгөн, ондогону азыркыга чейин иштейт. Буга чейин "троллдор фабрикасы" Кремлге жакын бизнесмен Евгений Пригожин менен байланышта экени айтылган.

Изилдөөчүлөр мындан башка эки орус тилдүү "троллдор" түйүнүн тапкан. Алар Украинаны жана орус оппозициясын, анын ичинде Алексей Навальныйды жактайт. Мындан башка кытай бийлигине маанилүү темаларды кытайча, англисче жазган "троллдорду" да байкоого алышкан. Изилдөөчүлөр пропаганда менен күрөшкөн топ болбосо Твиттер "акырындап кооптуу" боло баштайт деп эсептешет.

Компаниянын пресс-кызматы Би-Би-Синин суроолоруна жооп иретинде тезекке окшош эмодзи жиберген. Журналисттер мындай жоопту Масктын өзүнөн да алышкан.

Твиттерди сатып аларда Маск социалдык тармактарда сөз эркиндигин камсыз кылгысы келерин айткан. Анын башкаруусундагы жарым жыл ичинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын аккаунту кайра ачылган жана орусиялык бийлик менен байланышы бар аккаунттарды, анын ичинде Орусиянын Коргоо министрлигинин баракчасын таап бере баштаган. Украинада согуш башталгандан кийин Орусиянын өзүндө Твиттер жана 9300дөй сайт бөгөттөлгөн.

Иликтөөдө пропаганда менен жүздөгөн аккаунттар алектенип жатканы айтылган. Твиттердин өзүнүн билдирүүсүндө 230 миллиондой активдүү колдонуучусу бар.

XS
SM
MD
LG