Кыргызстанда май айында катары менен беш күн эс алуу болот

9- майды белгилөө учуру. Жеңиш аянты, Бишкек. Иллюстрация.

1-Май - Эмгекчилердин тилектештик майрамы, 5-май - Конституция күнү жана 9-май - Жеңиш күнү жылнаамада кызыл менен жазылган. Бул күндөрү кыргызстандыктар эс алышат.

8-май дүйшөмбү күнгө туура келгендиктен, дем алыш болот, ал күн үчүн 13-май иш күн деп жарыяланды. Беш жумушчу күн тартиби менен иштегендер беш күн эс алышат.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

29-апрель - ишембиде 20-марттагы эс алуу үчүн иш күнү деп жарыяланды. Ага чейинки аралыкта Орозо айт майрамы бар.

Кыргызстанда расмий эсепте 14 майрам күн бар. Эгер алар ишембиге же жекшембиге туш келсе, башка жумуш күнү дем алыш деп жарыяланат.(ZKo)

Дагы караңыз

BBC: Твиттерде пропаганда менен күрөшкөн адистер тартыш болуудаКонфискациябы же ыктыярдуубу? "Аю” боюнча эки башка маалыматОш: тирешкен аткаминерлер кызматтан кол жууду"Мени абактан элдин сүрүнөн коркуп бошотушкан"