Кыргызстанга өткөн жылы алты миллион турист келди

Кел-Суу - Нарындын Ак-Сай өрөөнүндө 3 500 метрдей бийиктикте жайгашкан.

2022-жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн 6 миллион турист эс алуучу келип, туризм тармагынан казынага 951 млн. сом салык түшкөн. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Самат Шатманов парламенттеги "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди.

Өткөн жылы 17-мартта кыргыз өкмөтү "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзүп, уставдык капиталын 1 млрд. сом деп белгилеген. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет. Кыргызстанда ички дүң өндүрүшүндө туризмдин үлүшү 3,1 пайызды түзөт.

Кыргызстанда учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, турист катары келгендердин эң көбү Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Европа жана Араб өлкөлөрүнүн жарандары. (TSh)

Дагы караңыз

Астанадан Маңгыстауга келген мунайчылар нааразылыкты улантыштыКурсан Асановго сот чечими кийинки отурумда чыгышы күтүлүүдөТрамп мурдагы адвокатына 500 миллион долларлык доо койдуМамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси Судец кызматынан кеттиТүркмөнстандан сыртка акча которууда кайрадан көйгөй жаралды