Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Астанадан Маңгыстауга келген мунайчылар нааразылыкты улантышты


Мунайчылар 13-апрелде да бийликке видеокайрылуу жолдошкон.
Мунайчылар 13-апрелде да бийликке видеокайрылуу жолдошкон.

Казакстандын борбору Астанадан Мангыстау облусуна кайтып барган мунайчылар 14-апрелде Жаңы-Өзөндөгү “Өзенмунайгаз” ишканасынын алдында акциясын улантышты. "Азаттык" радиосунун казак кызматы кабарлагандай, жүздөгөн митингчилер талаптары аткарылмайынча тарабай турганын айтышты.

"Астанадан аман-эсен үйгө кайттык. Конкреттүү чечим кабыл алына элек. Калган жигиттер Астанадан келгенче, чечим кабыл алынганга чейин "Өзенмунайгаздын" имаратынын алдында турабыз", - деди мунайчылардын бири.

Бир күн мурун алар Астанадан Маңгыстауга кайтып баратканда темир жол станцияларынын биринен ушул эле талап видеокайрылуу жасашкан.

10-апрелде "Берали Маңгыстау" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган.

11-апрелдин кечинде Астананын полициясы мангыстаулук жумушчулардын баарын күч менен кармап кеткен. Эртеси алар бошотулуп, поезд менен Маңгыстауга жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG