Евробиримдиктин кеңеши Украинага миллиард евро бөлүүнү жактырды

Европа Биримдигинин жана Украинанын желектери.

Евробиримдиктин кеңеши Украинага 31-майга чейин ок-дарыларды берүү үчүн Европа фондунан 1 млрд евро бөлүүнү жактырды. Бул тууралуу уюмдун сайтына жазылды.

20-мартта Евробиримдиктин 17 өлкөсү жана Норвегия Украинага 12 айдын аралыгында миллион артиллериялык ок-дары жеткирүүгө макулдашкан.

Бул планды ишке ашыруу үчүн жалпысынан 2 млрд. евро бөлүнөт. Европа Биримдиги анын жарымына Украинага тез арада ок-дарыларды, анын ичинде 155 миллиметрлик артиллериялык снаряддарды жеткирет.

Дагы бир миллиард евро Еврошаркет өлкөлөрү Украина үчүн биргеликте сатып ала турган ок-дарыларга кеткен чыгымдын ордун толтурууга жумшалат. Мындан тышкары, Евробиримдик мүчөлөрү коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк кубаттуулугун арттыруу боюнча комиссия түзүүгө макулдашты.

Мурдараак Франция менен Австралия бийлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн 155 мм калибрдеги снаряддарды чыгарууга макулдашкан.

Дагы караңыз

Ош: тирешкен аткаминерлер кызматтан кол жуудуКумтөр кенинде калдык сактоочу жайды финляндиялык компания иштететДанияр Жаныкуловдун ишин облустук прокуратура текшеретУлуттук банк валюта базарына 46,1 миллион доллар саттыСадыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөштөн казынага 10 миллиард сом түшкөнүн айтты