Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Улуттук банк валюта базарына 46,1 миллион доллар сатты


Улуттук банк апрель айында алгачкы жолу 46,1 миллион долларды интервенциялады. Буга чейин 31-мартта валюта базарына 45 миллион 200 миң доллар саткан.

Башкы банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыл башынан бери акча базарына жети ирет АКШ доллары чыгарылып, жалпы суммасы 353 миллион 470 миң долларды түздү.

2022-жылы Улуттук банк он беш жолку интервенцияда 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Улуттук банк январдын аягында Кыргызстандын банктарында 600 миллион доллар бар экенин, анын 40% накталай экенин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG