24-26-апрелде Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Бишкекте чыгармачыл сапары менен болот. Театрдын жетекчиси Керимбек Калыкуловдун "Азаттыкка" маалымдашынча, анда "Бакыт учурган куш", "Эзоп", "Амансыңбы, апаке?", "Кулан", "Сунуш" деп аталган спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланат. Аягында "Кубат бий" спектакли менен чогуу театр өнөрпоздорунун концерти берилет.
Ош улуттук драма театры сахналаштырылган “Кулан” - эң мыкты улуттук пьеса деп табылып, быйыл "Эргүү" сыйлыгына татыган.
Спектаклдер Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-жылы уюшулган. 1997-жылы театрга мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун ысымы ыйгарылган. (ZKo)
Дагы караңыз
Ош: тирешкен аткаминерлер кызматтан кол жууду1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайтУлуттук банк валюта базарына 46,1 миллион доллар саттыСадыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөштөн казынага 10 миллиард сом түшкөнүн айттыСадыр Жапаров: "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатат Гаага соту Орусияны украиналык "Нафтогаз" компаниясына 5 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендирдиПентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналган киши кармалды