Бишкектин Биринчи май райондук сотунун борбор калаанын айрым жерлеринде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечимине каршы адвокат Бактыбек Жумашевдин доо арызы шаардык сотто каралат.
Бишкек шаар соту арызды бүгүн, 14-апрелде түштөн кийин карай турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бактыбек Жумашев Твиттер баракчасына жазды.
Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө салынган тыюу 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Укук коргоочулар мындай чечим мыйзамсыз экенин эскертип келет.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө салынган тыюу ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.
Ага ылайык, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл бакта, Жогорку Соттун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанында да нааразылык акцияларын өткөрүүгө болбойт.
Митинг же пикет өткөрүүнү каалагандар Максим Горький атындагы бакчада чогулса болот.(ZKo)
Дагы караңыз
Данияр Жаныкуловдун ишин облустук прокуратура текшерет1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайтУлуттук банк валюта базарына 46,1 миллион доллар саттыСадыр Жапаров: "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатат Гаага соту Орусияны украиналык "Нафтогаз" компаниясына 5 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендирдиПентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналган киши кармалды