Акыйкатчы институтуна 2022-жылы чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардан 162 кат түшкөн. Бул тууралуу аталган институттун бир жылдык отчетунда маалымат берилгенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Кайрылгандардын көбү Орусиядан, калгандары Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Ирак, Тажикстан, Беларус, Украина, Кытай, Кипр жана Түштүк Кореядан жазышкан. Кайрылуулардын көпчүлүгү (кырктан ашууну) кылмыш жообуна тартылгандар, соттолгондор же жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардан болгон. Эмгек мигранттардын арасында социалдык, экономикалык, жарандык жана саясий укугун коргоону сурангандар да көп кайрылышкан.
Акыйкатчы институту мигранттар менен социалдык тармактар, WatsApp аркылуу, байланышып, аларга көмөк көрсөтүүгө аракет кылып жатканын белгилейт. Кайрылгандардын айрымдарына жардам көрсөтүлгөн.
"Алардын арасында Орусияда, Тажикстанда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир нече киши Кыргызстанга которулду. Казакстанда кармалган жаран бошотулду. Сентябрда Грузия менен Орусиянын чек арасында эки жума тыгында калган кыргызстандык жүк ташуучуларга укуктук жардам берилди".
Баш прокурор Курманкул Зулушев 11-апрелдеги Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйынында былтыр Орусиянын түзөтүү мекемелеринен 33 жаран алынып келингенин, быйыл жыл башынан бери 15 кишини экстрадициялоо ишке ашканын айткан. Учурда Орусиянын абактарында 1077 кыргыз жараны жаза өтөөдө. Алардын көбү баңгизат колдонуу, таратууга айыпталгандар.
Дагы караңыз
Данияр Жаныкуловдун ишин облустук прокуратура текшерет1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайтАкылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн билдирдиУлуттук банк валюта базарына 46,1 миллион доллар сатты