Ленин округу боюнча шайлоого катышуу үчүн 16 киши арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясы.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышуу үчүн арыз берди.

Бул тууралуу ал өзү 13-апрелде "Азаттыкка" маалымдады. Муну менен 13-апрелге карата мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга жалпы 16 киши арыз тапшырды.

Округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Боршайком шайлоонун жалпы сметасын 18 млн. 636 миң 500 сом деп эсептеген.

Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.

Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон. (BCh)

Дагы караңыз

"Чалбасы кыргыздары. Эсимде" даректүү тасмасынын бет ачары өтөт"Баары кымбат, сүт арзан". Таластагы нааразылык"Апа, баарына тоюп кеттим". Зордукталган өспүрүмдөр, созулган тергөөBloomberg: WSJ журналисти Гершкович Путиндин санкциясы менен камалган