Төрөбаев курулуш компаниялары боюнча бирдиктүү реестр түзүлөрүн билдирди

Бишкектеги курулуштардын бири.

Кыргызстанда мыйзамдуу иш алып барган курулуш компанияларынын бирдиктүү реестри түзүлөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Биринчи кезекте биз курулуш компанияларынын реестрин түзөбүз. Ошондо үлүшчүлөр (дольщиктер) так маалымат ала алат. Кайсы курулуш компаниясы реестрге кирген болсо, демек ал тартиптүү, эч кимди алдаган эмес, соттук процесстери жок деген маалыматтар камтылат", - деди Төрөбаев.

Эл өкүлү Дастан Бекешев Төрөбаевден өкмөт 2023-жылдын биринчи кварталына убада кылган курулуш мыйзамдары менен катар курулуш компанияларынын "кара тизмеси" качан даяр болорун сурады.

Кыргызстанда үй куруучу компаниялардын бирдиктүү реестрин түзүүнү 2018-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышта сунушталган.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87, алардын 34ү (кээ бир маалымат боюнча 35) Бишкекте экени быйыл февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон.

Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу аларга мунапыс жарыялоо пландалып жатканын, ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде берилерин айткан.

Уруксатсыз курулган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу маселеси аталган комиссиянын 22-февралдагы отурумунда да көтөрүлүп, айрым депутаттар андайга жол бербөө керектигин айтышкан.

Март айында Көк-Жар конушунда 2019-жылдан бери, Октябрь районуна караштуу Каралаев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылдан бери курулушу бүтпөй турган турак жайлардын үлүшчүлөрү да бийликке кайрылып, маселени чечип берүүнү сураган. (BCh)

Дагы караңыз

Орусияда Алла Пугачеванын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазылды"Апа, баарына тоюп кеттим". Зордукталган өспүрүмдөр, созулган тергөөАКШнын коргоо министри Украинанын премьер-министри менен жолугуштуБыйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт