Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Орусияда Алла Пугачеванын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазылды


Алла Пугачева
Алла Пугачева

Орусиянын Башкы прокуратурасына ырчы Алла Пугачеванын украин Куралдуу күчтөрүнө "каржылык колдоо көрсөткөн-көрсөтпөгөнүн" текшерүү өтүнүчү менен кат келип түштү.

Орус маалымат каражаттары жазгандай, Пугачевага каршы "Коопсуздук жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча федералдык долбоордун" башчысы Виталий Бородин башкы прокурор Игорь Красновго арызданган. Анда Израилде жашап жаткан ырчы Орусиядан чыгып кеткен жана согушту сындаган маданият кызматкерлерин колдоп, украин армиясына каржылык жардам көрсөтүп жатканы белгиленген.

Бородин "Пугачеванын ишмердүүлүгү чет өлкөдөн каржыланарын жана анын Батыш атайын кызматтары менен байланышы бар экенин" аныктап чыкканын билдирүүдө.

Буга чейин Бородин Башкы прокуратурага эл артисти Лия Ахеджакованы "чет элдик агент" деп таануу жана ага каршы кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрылган. Мындан тышкары ал актер Данила Козловскийдин, ырчы Валерий Меладзенин жана "Ночные снайперы" тобунун ырчысы Диана Арбенинанын иш-аракеттерин текшерүүгө чакырган.

Орусия былтыр февралда Украинага кол салгандан кийин Алла Пугачева үй-бүлөсүн алып өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG