Таласта сүттүн баасын көтөрүү талабы менен нааразылык акциясы өтүп жатат

Сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган акция. Талас шаары. 13-апрель, 2023-жыл.

Бүгүн, 13-апрелде жүздөн ашык тургун Талас облустук администрациясынын алдына чогулду.

Алар президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, сүттү арзан алып жаткан айрым заводдорду жабууну талап кылышты.

Нааразылыгын билдирип чогулгандар менен Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Таластагы өкүлү Нуржан Аманкулов жолугуп, облустук администрациянын жыйындар залына кирип сүйлөшүүгө чакырды.

Чогулгандар анын сунушуна макул болбой, маселе чечилмейинче, кетпей турганын айтышууда.

Учурда ортомчулар 1 литр сүттүн баасын элден 26 сомдон алып, заводго 30 сомдун айланасында өткөрөт.

Завод сүттү арзан алып жатканына нааразы айрым тургундар сүтүн өткөрүүнү токтотушкан.

Сүт иштеткен заводдор бул окуяга байланыштуу маалымат бере албай турганын билдиришүүдө.

Талас облусунда жеке менчик беш сүт завод иштейт. Статистикалык маалыматтарга ылайык, облуста жылына 70 миң тоннадан ашык сүт өндүрүлөт.

Кыргызстанда сүттүн баасынан улам чыккан нааразылык биринчи жолу болгон жок. Жыл сайын жазында сүт багытындагы уй баккан Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусунун фермерлери бул маселени көтөрөт. (MKt)

Дагы караңыз

Чаткал -Ташкент жолу курулат Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолундагы кар көчкү тазаландыАКШнын коргоо министри Украинанын премьер-министри менен жолугуштуБишкек шаардык соту “Азаттыктын” Финчалгын кызматына каршы арызын карап жатат Казакстан менен Кытай визасыз режим киргизүүнү көздөөдө