Кыргызстандын Чаткал району менен Өзбекстандын борбору - Ташкент шаарын бириктирүүчү жолдун курулушу бир ай аралыгында башталат.
Бул тууралуу Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, жаңы каттамдагы жолду куруу үчүн долбоор чийилип жатат.
"Чаткал-Ташкент жолунун Беш-Арал коругунун аймагынан өтүүчү багыты өзгөрүлдү. Азыркы тапта жолдун долбоору чийилип жатат. Жол куруу боюнча инвестор бар", - деди аким.
Сенирбаевдин айтуусунда инвестор Кыргызстанга тиешелүү 70 чакырым жолду курат, Өзбекстан өзүнө тиешелүү жолду курат.
Чаткал -Ташкент жолунун узундугу 150 чакырымды түзөт. Совет доорунда бул жолдо ат менен гана жүрүүгө мүмкүн болгон.
Чаткал районун түндүгүнөн Талас-Чаткал жолу, түштүк тарабынан Ала-Бука – Жаңы-Базар - Чаткал автоунаа жолу байланыштырып турат. Кышы оор, татаал аймак болгондуктан жолдор кар көчкүдөн жумалап жабылып, облус борбору менен байланыш үзүлүп калган учурлар көп болот.(TB)
Дагы караңыз
Мырза-Аке-Кара-Кулжа жолундагы кар көчкү тазаландыАКШнын коргоо министри Украинанын премьер-министри менен жолугуштуБишкек шаардык соту “Азаттыктын” Финчалгын кызматына каршы арызын карап жатат Казакстан менен Кытай визасыз режим киргизүүнү көздөөдө