Өзбек чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны бошотулду

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эскертүү. Ала-Бука району.

Ала-Букадагы Көк-Таш айылынын тургуну Мунарбек Байболот уулу кыргыз-өзбек чек арачыларынын сүйлөшүүсүнүн негизинде 12-апрелде үйүнө кайтып келди.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Нурлан Эралиев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, эки тараптын чек арачылары жолугушуп, жыйынтыгында кыргызстандык жаран өткөрүлүп берилген.

25 жаштагы Мунарбек Байболот уулун 10-апрелде мал жайып жүргөн жеринен өзбекстандык чек арачылар кармап, Өзбекстанга алып кирип кетишкенин Көк-Таш айылдык кеңешинин депутаты Хафиза Байназарова билдирген. (TB/ZKo)

Дагы караңыз

Зулушев Бишкекте каракталып, Оштон табылган жолтандабас тууралуу маалымат берди Италия мигранттар көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяладыУкраин жоокери мыкаачылык менен өлтүрүлдү деген видеонун чоо-жайы иликтенүүдөТажикстан менен Кытайдын соодасында 1,5 миллиард доллар айырма чыктыКемпир-Абад иши: Сот Журабаева менен Капаровду да үй камагына чыгарды Космонавт Корсаков президентке Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн берди