Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

Зулушев Бишкекте каракталып, Оштон табылган жолтандабас тууралуу маалымат берди


Бишкекте каракталган Range Rover автоунаасы Оштон табылган.
Бишкекте каракталган Range Rover автоунаасы Оштон табылган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте каракталган автоунаа Ош шаарында прокурор Алмазбек Абжалиевдин колуна тийгени боюнча ички иликтөө жүргүзүлгөнүн билдирди. Кылмыш ишин милиция тергеп жатканын, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилерин айтты.

“Ички иликтөө кызматы ошол эле күнү тактаган. Азыр Ички иштер министрлиги тергеп жатат, анын жыйынтыгы менен баа берилет. Биздин кызматтык иликтөөнүн маалыматында, түнкү саат 1-2лер чамасында Түркиядагы жакын досу байланышып, “ушул машинемди үйүңө токтотуп койчу” деп суранган экен. Телефон сүйлөшүүлөрү боюнча далилдер бар экен. Тергөөдө күнөөсү болсо, эч кандай жазадан кутулбайт”, - деди Зулушев.

Буга чейин Бишкекте каракталган автоунаа үч-төрт күндөн кийин Ош шаарында прокурор Алмазбек Абжалиев айдап жүргөндө табылган. Милиция окуяга шектүү беш кишинин үчөөсүн кармап, экөө изделип жатканын кабарлады. Машине 34 жаштагы бишкектик тургунга таандык. Атасынын айтымында, карактагандар аны токмоктоп кетишкен, азыр ооруканада жатат.

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Алмазбек Абжалиев “машинени коңшу жашаган бирөө коюп турайын, мен алыстамын дегенинен эле макул дегем” деп түшүндүрмө берген.

Ишти Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тергеп жатат.(TSh)

XS
SM
MD
LG