Зулушев былтыр кылмыштуулук 19,4% өскөнүн билдирди

Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште.

Кыргызстанда 2022-жылы кылмыштуулук мурунку жылга салыштырмалуу 19,4% өскөн. Бул маалыматты бүгүн, 12-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда билдирди. Баш прокурор кылмыштуулуктун өсүшүнө Жоруктар кодексинин жоюлушу жана кылмыштарды каттоо тартибине прокурорлук көзөмөл күчөгөнү себеп болду деп эсептейт.

"Прокурордук көзөмөлдүн кучөтүлүшү менен укук коргоо органдарынын кылмышты жаап-жашырууга бөгөт коюлду", - деди Зулушев.

Баш прокурордун маалыматына караганда, 2022-жылы жалпы өлкөдө 45 096 кылмыш иши катталган, анын 41% бети ачылган. Сотко чейинки өндүрүшкө алынган 3801 оор кылмыш ишинин 61% ачылган.

Түрдүү кылмыштардын негизинде мамлекетке жалпы 7 миллиард 906 миллион 713 700 сомдук зыян келтирилген. Мунун ичинен 5 миллиард 562 миллион 80 миң 437 сом мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Мамлекетке кайтарылган акчанын 4 миллиард 296 миллион 72 миң 463 сом прокуратура тарабынан, 25 миллион 489 525 сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 1 миллиард 240 миллион 518 452 сом өндүрүлгөн.

Жогорку Кеңеш прокуратуранын 2022-жылдагы иши боюнча Баш прокурордун отчетун угуп жатат.

11-апрелде Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитеттери Курманкул Зулушевдин отчетун угуп, жактырган.(ZKo)

Дагы караңыз

Мурдагы депутат Асия Сасыкбаева 20-июнга чейин үй камагына чыктыБүргөндү газ кампасы: Кыргыз тарап Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди Алматы: жаңыөзөндүк мунайчыларды колдогон активисттер аянтка чыгыштыУкраинада согуштун чыгымы 700 миллиард долларга жеттиТүркиянын депортация борборлорунда 450дөй түркмөнстандык кармалып турат