Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Мурдагы депутат Асия Сасыкбаева 20-июнга чейин үй камагына чыкты


Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын карап жатат. Соттун чечими менен экс-депутат Асия Сасыкбаева 20-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Сасыкбаева журналисттеге "ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкканын, иш боюнча көп нерсе айта албастыгын, кандайдыр бир келишим болбогонун" билдирди.

Ушул эле соттун чечими менен бул күнү камактагы саясатчылар Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов да үй камагына чыккан.

Март айында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Асия Сасыкбаева менен абактан жолугуп чыккандан кийин ал отурган камера сыз, нымдуу болуп жатканын айткан.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Бир нечеси саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын айтып, далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын иши тууралуу бир нече жолу комментарий берип, бул маселеге акыркы чекитти сот коёрун айткан.

Ошондой эле ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого, аларды бошотууга бийликти чакырган.(BCh/KS)

XS
SM
MD
LG