Украинада согуштун чыгымы 700 миллиард долларга жетти

Согуш талкалаган шаарлардын биринин тургуну ити менен отурат. Апрель, 2023-жыл.

Орусия баштаган согушта Украина болжол менен 700 млрд. доллар чыгым тартты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына таянуу менен Укрина президентинин кеңсесинин өкүлү Олег Гаврыш билдирди.

Расмий эсепте Орусия кол салгандан бери 74 400 үй, 2,5 миң окуу жай, 500 оорукана, 400 маданий жай, 120 диний имарат, 4,5 миң байланыш жана коммуникация объектилери кыйрады.

Гаврыштын айтымында, Украина эл аралык коомчулуктун жана уюмдардын жардамы менен Орусияга кенемте төлөтүү үчүн болгон аракетин жумшайт.

Башкы штаб 12-апрелде Украинанын бардык аймагына ракетадан жана авиациядан сокку уруу тобокелдиги жогору бойдон сакталып турганын билдирди. Украиналык аскерлер өткөн суткада өлкө чыгышындагы төрт багытка урулган орусиялык 72 чабуулдун мизин кайтарганы маалымдалды.

Аскер башкармалыгы орусиялык күчтөр Бахмут шаарын толук алууга аракет кылып жатканын билдирди.

"Көптөгөн техника жана адамдарды жоготконуна карабай, каршылаш басып алуу аракетин токтоткон жок. Негизги күчүн Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка багыттарын басып алууга жумшап атат", - деп расмий маалыматта.

Дагы караңыз

Түркиянын депортация борборлорунда 450дөй түркмөнстандык кармалып туратКемпир-Абад иши: Сот Мамбетжунус Абыловду үй камагына чыгардыКемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова үй камагына чыктыБУУ Ооганстандан кетүү маселесин караштырууда Казак прокуратурасы: Кыргызстанда Күдебаевдин качышына байланыштуу иш козголду