Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Кемпир-Абад иши: Сот Мамбетжунус Абыловду үй камагына чыгарды


Мамбетжунус Абылов сотто. Биринчи май райондук соту. 12-апрель, 2023-жыл.
Мамбетжунус Абылов сотто. Биринчи май райондук соту. 12-апрель, 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган саясатчы Мамбетжунус Абылов үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карагандан кийин кабыл алды.

Абылов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу тууралуу бир нече жолу сотко өтүнүч келтиргенин, аны операция жасаган уролог-дарыгерлердин аныктамасынын негизинде чыкканын айтты.

"Эч кандай сүйлөшүү болгон жок, айыптар туура эмес коюлган, биз акталышыбыз керек", - деди Абылов.

Мамбетжунус Абылов 2022-жылы 25-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган. 10-февралда ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, 1-мартта кайрадан абакка которулган. Абылов оор операциядан кийин саламаттыгын калыбына келтирүүгө муктаж экенин адвокаты жана жакындары билдирген.

Ушул эле күнү соттун чечими менен Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган саясатчы Клара Сооронкулова да үй камагына чыгарылган.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. 15-мартта “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев операция болгон, укук коргоочу Азиза Абдирасулова азыр анын абалы да оор экенин жазган.

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранган каты 27-мартта жарыяланган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган.

Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган. Бир нечеси саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган. Адам укугун коргогон уюмдар активисттерди бошотууну кыргыз бийлигинен бир нече ирет талап кылган.(KS/ZKo)

XS
SM
MD
LG