Алматы: жаңыөзөндүк мунайчыларды колдогон активисттер аянтка чыгышты

Алматыда чогулгандарды полиция көзөмөлдөп турду.

Казакстандын Алматы шаарындагы активисттердин тобу жаңыөзөндүк мунайчыларга тилектештик билдирип, 12-апрелде Республика аянтына чыгышты.

Алар жумушсуздук маселесин көтөргөн мунайчылардын Астанада кармалышын айыптап, бийлик былтыркы январь окуяларынан сабак албаганын билдиришти. Аянтка чогулгандардын арасында коомдук ишмер, “Элдик парламенттин” мүчөсү Рысбек Сарсенбайулы жана активист Марат Турымбетов да бар.

10-апрелде "Берали Мангистау" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган.

11-апрелдин кечинде Астананын полициясы мангыстаулук жумушчулардын баарын күч менен кармап кеткен. Эртеси алар бошотулуп, поезд менен Жаңы-Өзөнгө жөнөтүлгөн.

Дагы караңыз

Түркиянын депортация борборлорунда 450дөй түркмөнстандык кармалып туратКемпир-Абад иши: Сот Мамбетжунус Абыловду үй камагына чыгардыКемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова үй камагына чыктыБУУ Ооганстандан кетүү маселесин караштырууда Казак прокуратурасы: Кыргызстанда Күдебаевдин качышына байланыштуу иш козголду