БУУ Акыйкатчынын адам укугун коргоо аракети жогорку баага татыктуу экенин билдирди

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюна жогорку комиссарлыгы Кыргызстандын адам укуктарынын коргоо аракетине жогору баа берди. Бул тууралуу аталган комиссарлыктын Борбор Азиядагы өкүлү Фабио Пиана Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматовага жолдогон катында билдирген.

Катта өкүл Акыйкатчыга укук коргоодогу кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Омбудсмен институтунун БУУга жолдогон 2022-жылкы альтернативдүү баяндамасына жогорку баа берилгени жазылган.

"Акыйкатчынын адам укугун коргоодогу аракети - көз карандысыздыктын, Кыргызстандын демократия, ачыктык принциптерин кармануу жана адам укуктарын сактоо аракетинин күбөсү. Париж принциптерине ылайык, улуттук укук коргоо уюмдары БУУ жана башка укук коргоо жаатындагы эл аралык, чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташуусу керек. Улуттук укук коргоо уюмдары көз карандысыз жана так маалыматтарды, иликтөөлөрдү жана өлкөдө адам укугун жакшыртуу жаатында сунуштарды бере алат", - деп белгилеген Пиана.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары, соңку жагдай тууралуу альтернативдүү баяндама даярдаган.

Баяндамада Кыргызстанда аялдарга жана балдарга зомбулуктун күч алышы, мындай кылмыштардын сотко жетпей кыскарып же сотто жеңил жаза берилип жатканы, ушундан улам коомчулукта укук коргоо органдарына жана сотторго ишеним жоктугу тууралуу сөз болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Ошто тамеки аянты быйыл 100 гектарга кеңейтилетЖыл башынан бери салык жана камсыздандыруудан 54,5 млрд. сом жыйналды"Жарым жылда жарандык аласыңар". Орусияда согуш азгырыгы күчөдүСалиев: 2023-жылдын төрт айында бажыдан казынага 20,7 млрд. сом түштүЖаңы-Өзөндүк беш мунайчы административдик жоопкерчиликке тартылды