Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:44

Жаңы-Өзөндүк беш мунайчы административдик жоопкерчиликке тартылды


Мунайчыларды полиция кармаган учуру. Астана. 11-апрель, 2023-жыл.
Мунайчыларды полиция кармаган учуру. Астана. 11-апрель, 2023-жыл.

Астанадагы Энергетика министрлигинин алдында митинг өткөргөн жаңы-өзөндүк беш мунайчы административдик жоопкерчиликке тартылды.

Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы маалымдады.

11-апрелде Астананын милиция бөлүмдөрүнө нааразылык акциясына чыккан жаңы-өзөндүк 126 мунайчы алып келинген. Алар кармалгандан кийин Мангыстау облусунда миңдей киши көчөгө чыгып, кармалгандарды бошотууну талап кылды.

10-апрелде "Берали Мангистау Company" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери баш калаадагы Энергетика министрлигинин алдында бир суткадан ашуун убакыт турушкан. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан.

11-апрелде аларды "КазМунайГаз" улуттук компаниясынын өкүлдөрү сүйлөшүүгө чакырып, мунаса таба алган эмес.

Мунайчыларга эч ким чыгып жолукпай, алар сыртта түнөшкөн.

11-апрелде аларды полиция кармап кеткен. Астанадагы кармоолордон кийин Мангыстау облусундагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында миңдей адам көчөгө чыгып, жердештерин бошотууну жана жумушсуздук маселесин чечүүнү талап кылышты.

12-апрелде таңга жуук Жаңы-Өзөндөгү жолду бууганга аракет кылган адамдарды кармап кетип, кайра кое берди. Бийлик алар "транспорт кыймылына тоскоолдук жаратты" деп билдирди.

Казакстан баш прокурорунун орун басары Жандос Умиралиевдин шаршембиде билдиргени боюнча Астанадагы митингге чыккан мунайчылар тынч чогулуу тартибин бузганы үчүн айыпталышты.

Умиралиев нааразылык митингин "уруксат берилбеген акция" деп мүнөздөдү.

"Коомдук тартипти жана укук бузууларга жеткирбөө үчүн прокуратура жергиликтүү бийлик менен кошо бир нече жолу түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Биз аларга маселени жергиликтүү бийлик менен макулдашылбаган митинг аркылуу эмес, сотко чейинки жөндөө же сот жолу менен гана чечүү мүмкүн экенин түшүндүрдүк. Натыйжада административдик укук бузуулардын алдын алуу үчүн алар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бөлүмдөгү сүйлөшүүлөрдөн кийин "БерАли Мангистау Company" ишканасынын айрым кызматкерлер кое берилди. Мен билгенден алар азыр Мангыстауну көздөй жолдо", - деди ал.

Умиралиев акцияга чыккандардын ичинен "кырдаалды мыйзамдуу чечүү" максатында 10 өкүл "тандалып алынып", Астанада калганын маалымдады.

"Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, Астанада кармалган мунайчылар түндү полиция бөлүмдөрүндө өткөрүштү. 12-апрелде эртең менен алар Астананын темир жол бекетинен тартылган тасманы таратып, Мангыстауга кайтып баратышканын билдиришти. Ошондой эле Жаңы-Өзөндө жана Актауда өздөрүн колдоп митингге чыккан тарапташтарына ыраазылык айтышты.

Митингге чыккан мунайчылар Астанада кармалган соң, БЖБ компаниясынын шаардагы жумушчулары нааразылык иретинде бир саатка ишин токтотту. "Кезби" компаниясынын кызматкерлери да мунайчыларды бошотууну талап кылышкан.

4-апрелде жүз чакты жумушчу Жаңы-Өзөн шаарынын акимчилиги жана "Өзөнмунайгаз" компаниясынын алдында акция өткөрүп, аларды жумушка орноштурууну талап кылган.

Маалыматка караганда, мунай тармагында кызмат көрсөткөн "Берали Мангистау Company" тендерди утпай калып, 200дөн ашуун киши ишсиз калган. "Өзөнмунайгаз" компаниясы жумушчуларга ушундай эле шарт менен "Кезби" компаниясында жумуш сунуш кылынганын, бирок алар баш тартканын билдирди. Мунайчылар ал жерде акча эселеп аз төлөнөрүн, келишимдер убактылуу гана экенин айтып, туруктуу жумуш менен камсыздоо талабын коюп жатышат.

XS
SM
MD
LG