Камчаткада Шивелуч вулканы атылып, авиациялык кооптуу деген код берилди

Шивелуч. Архивдик сүрөт

11-апрелге караган түнү Камчаткада Шивелуч деген жанар тоо атылды.

Маалыматтарга караганда, күл айланадагы айылдарды басып калды. Орусиянын Вулканология жана сейсмология институтунун директору Алексей Озеровдун айтымында, лава өзгөчө күч менен атылды.

Байкоо иштерине циклон, кар жана бороон тоскоолдук кылууда. Күл 15-20 метр бийиктикке чейин жеткени кабарланды. Жанар тоого авиациялык өтө кооптуу деген "кызыл" код берилди.

Шивелуч – Камчатканын эң түндүгүндө, Петропавловск-Камчатск шаарынан 440 километр алыс жерде орун алган. Анын бийктиги 3283 метрге жетет. Вулкан 60-70 миң жыл илгери пайда болгон.

18-кылымдын этегинен бери Шивелуч 10 чакты жолу атылган.

Дагы караңыз

Украина Орусиянын 60тан ашык чабуулунун мизин кайтарганын билдирди Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлери жолугушуудаМамдеп Гершкович Орусияда "мыйзамсыз кармалган" деп тапты