Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

 Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлери жолугушууда


Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлери жолугушууда. 11-апрель, 2023-жыл
Баткенде кыргыз-өзбек ишкерлери жолугушууда. 11-апрель, 2023-жыл

Бүгүн, 11-апрелде Баткен облусунун Кадамжай шаарында Өзбекстандын Фергана облусунун бийлик өкүлдөрү, ишкерлери менен Кыргызстандын Баткен облусунун бийлик өкүлдөрү, ишкерлери жолугушууда.

Өзбекстандык делегацияны Фергана облусунун башчысынын инвестиция, өнөр жай жана соода боюнча орун басары Икболжон Эргашев жетектеп келди.

Жолугушууга Фергана облусунан 76, Баткен облусунан 100 ишкер катышууда.

Иш-чаранын башында ишкерлердин эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр камтылган маалыматтар берилди. Эми өзбек ишкерлери өз багыттары боюнча Баткен облусунун район шаарларына барып, баткендик ишкерлердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат.

Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чара быйыл 27-январда Бишкек шаарында бекитилген Баткен жана Фергана облустарынын кызматташуусун кеңейтүү жөнүндөгү комплекстүү программанын алкагында уюштурулуп жатат. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG