Чаткалда чакан ГЭС куруу үчүн бош жер калбады.
Бул маалыматты 10-апрелде эл менен жолуккан учурда Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев билдирди.
Анын сөзүнө караганда, быйыл Чаткалды аралап өткөн сай боюна ондогон чакан ГЭТтер курулат деп айтылганы менен суу боюндагы жерлердин баары алтын казган тараптарга берилип кеткендиктен, чакан ГЭСтерди курууга жер жок.
Алтынбек Сенирбаев райондун инфраструктурасын жана чакан ГЭСтерди куруу үчүн райондун мүмкүнчүлүктөрү кеңири экенин айтып, бирок быйыл бир гана ишкерге бир чакан ГЭС курууга жер таап бере алганын кошумчалады.
10-апрелде Чаткал районунун маданият үйүндө президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондун акими жана тийиштүү жетекчилер жергиликтүү элге жолукту. Анда жергиликтүү эл таза суу, жол, мектеп жана жөлөк пул маселесин көтөрдү.
Чаткал - Кыргызстандагы тоолуу райондордун бири. Аймакта 2009-жылкы эл каттоо боюнча 23 миңге чукул адам жашайт. (TB)
Дагы караңыз
Быйыл эки айда Кыргызстандын тышкы соодасы 1,7 млрд. долларды түздү Украина: Донбасста орусиялык күчтөрдүн 58 чабуулунун мизи кайтарылдыЗеленский Пасха алдындагы чабуулду сындадыУкраина: Бир күндө элүүдөн ашуун чабуулдун мизин кайтарылдыКыргызстанга акча которуунун саны бир айда 4,7 млн. долларга көбөйдү