Быйыл эки айда Кыргызстандын тышкы соодасы 1,7 млрд. долларды түздү

Сыртка экспорттолгон товардын сап башында Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер турат. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 1,7 млрд. долларга жетти.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев 11-апрелде өткөн брифингде билдирди.

Анын берген маалыматында, бул былтыркы ушул айлардагы көрсөткүчтөн 22,7% көп. Мунун ичинде экспорт көлөмү 2,2%, ал эми импорт көлөмү 27,2% көбөйдү.

"ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода көлөмү быйыл январь, февраль айларында 545,3 млн. долларды түзүп, былтыркы ушул айлардагы көрсөткүчтөн 11% аз болду. Биримдик аймагына экспорт 14,3% өсүп, импорт 18,6% кыскарды", - деди Жумалиев.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБ ичиндеги соода алакасынын 61,6% Орусия менен, 35,5% Казакстан менен жүргөн.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда өндүрүлгөн товардын көлөмү 92,5 млрд. сомго жетип, былтыркы үч айдагы көрсөткүчтөн 7,6% өскөнүн кошумчалады. Анын сөзүнө караганда өсүү химиялык товарлардын, дары-дармектердин, кагаз буюмдарынын, металл, резина, пластмасса жана курулуш материалдарын өндүрүү көбөйгөнүнүн негизинде болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанга акча которуунун саны бир айда 4,7 млн. долларга көбөйдү"Кыргызстан көздөн учту". Ирак түрмөсүндөгү аялдар муңу Укук коргоочулар абактарда өлүм күч алганына камтамачылык билдиришти NBC: Жо Байден кайрадан АКШ президенттигине ат салышат