Активист Жанболат Мамай алты жылга шарттуу кесилди

Жанболат Мамай

Казакстанда активист Жанболат Мамай алты жылга шарттуу кесилди. Чечимди 10-апрелде Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды.

Сот ага коомдук-саясий ишмердүүлүк, журналистика менен алектенүүгө, коомдук бирикмелердин ишине катышууга да тыюу салды. Мамай жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.

Казакстанда каттоого алынбаган Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамай 2022-жылдагы Январь окуяларында "жапырт башаламандык уюштурган" деп айыпталган.

Жанболат Мамай Январь окуяларында каза болгондордун элесине арналган митингге катышкандан көп өтпөй февраль айында камалган. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтууда. Ноябрда үй камагына чыгарылган.

Freedom House жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Мамайды бошотууну талап кылып келишет.

Астанага былтыр барган Европарламенттин депутаттары да казак бийлигин активисттерди, анын ичинде Мамайды куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдөн 2800 тоннадан ашык таштанды чыгарылды Манжасыз калган, сарык..."Вагнер" майыптарды деле алып кетүүдө"Унаа": Машинелерди каттоо системасы дагы үзгүлтүккө учурадыКазакстан пияз экспорттоого жарым-жартылай уруксат бердиЖапаров менен Путин менен телефондон кызматташууну талкуулады