Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Жапаров менен Путин менен телефондон кызматташууну талкуулады


Садыр Жапаров менен Владимир Путин, архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин, архивдик сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус алака-катышынын актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулады.

"Мындан сырткары Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги тууралуу пикир алмашты. Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн өз ара мамилелерди мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты",-деп жазылган маалыматта.

Сүйлөшүү тууралуу Крмелдин расмий сайтына дагы учкай маалымат жарыяланды. Анда "бири-бирине пайдалуу шартта эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүүнүн бир катар жагдайлары, анын ичинде соода-экономикалык, каржылык жана гуманитардык алака-катыштын бир катар жагдайлары талкууланганы" жазылган.

Маалыматтарда бул сүйлөшүү кайсы тараптын демилгеси менен уюштурулганы такталган эмес.

XS
SM
MD
LG