Жети-Өгүздө бороондо дайынсыз кеткен эки киши аман-эсен табылды

Дайынсыз жоголгон эки адам табылды. Сүрөт ӨКМ басма сөз кызматына таандык.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бороондо калган эки тургуну аман-эсен табылып 10-апрелде маалымдады.

51 жана 34 жаштагы эки киши 7-апрелдин кечинде машине менен Ак-Шыйрак айылынан Барскоонго чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан.

Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары, жол тейлөө ишканасынын техникасы, “Кара-Сай” чек ара тозотунун чек арачылары тартылган.

Министрликтин маалыматына караганда, аларды чек арачылар "Кара-Сай" тозотунан 18 чакырым алыс жерден табышкан. Экөөнүн тең абалы жакшы. (BCh)

Дагы караңыз

Тайвандын айланасындагы машыгууга катышкан учактардын саны көбөйдүКадыркулов Молдова, Болгария жана Румынияда да элчи кызматын аркалайт Вашингтондо Кыргызстан менен АКШнын алака-катышы талкууланды Зеленский Пасха алдындагы чабуулду сындады