Украинанын Башкы штабы: Орусия согушта 178 миңдей аскерин жоготту

Херсондун жанында Орусиянын талкаланган оор техникасы. 15-ноябрь, 2022-жыл

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия Украинага согуш ачкандан бери 178 150 аскерин жоготконун, анын 470и өткөн суткада каза болгонун билдирди.

Башкы штаб орус армиясынын жоготуулары боюнча төмөнкүдөй маалымат берди:

  • танктар – 3636
  • чопкутталган техника – 7024
  • артиллериялык системалар – 2740
  • бир нече ракета атуучу системалар – 533
  • абадан коргонуу системалары – 282
  • учактар – 307
  • тик учактар – 292
  • учкучсуз учуучу аппараттар – 2312
  • канаты бар ракеталар – 911
  • кемелер/катерлер – 18
  • авто унаалар жана автоцистерналар – 5602
  • атайын техника – 309

Буга чейин НАТОнун чалгын кызматы Бахмуттун жанындагы Орусиянын жоготуулары Украинага салыштырмалуу беш эсе көп экенин билдирген.

Орусия акыркы убакта өлгөндөр тууралуу маалыматты ачыктабай келет. Өлкөнүн Коргоо министрлиги жоготуулар тууралуу маалыматты 2022-жылдын 21-сентябрында берип, 5937 киши каза болгонун айткан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-февралда Мүнхендеги коопсуздук боюнча конференциясында Украинадагы согушта каза тапкан жана жарадар болгон орус аскерлеринин саны 200 миңден ашарын билдирген.

Дагы караңыз

Запорожье: Орусиянын ракеталык соккусу ата-баланын өмүрүн алды Украина Орусияга чыгарылып кеткен 31 баланы кайтардыИран хижаб кийбеген аялдарды видеокамера аркылуу көзөмөлдөйт