Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун кудасы жана өлкөнүн Байланыш кызматынын башчысы Бег Сабурдун жакындарына таандык сегиз ишкананын электр энергиясы үчүн карызы бар. Бул тууралуу "Озоди" радиосу тиешелүү маалыматтарды камтыган документке таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, Сабурдун жакындары иштеткен компаниялардын, ишканалардын жана чарбалардын электр жарыгы үчүн жалпы карызы 2 миллион 600 миң сомонини (250 миң доллардан ашык) түзөт.
Алардын арасында "Комил-2010" курулуш компаниясы, "Чинор" мейманканасы, бут кийин фабрикасы, коллеж жана башка ишканалар бар. Расмий маалыматтарда "Комил-2010дун" ээси катары Бег Сабурдун 30 жаштагы уулу Сиёвуш Зухуров көрсөтүлгөн.
Куляб шаарынын бийлиги буга чейин эле "Комил-2010" компаниясынын салык органдарына жана электр түйүн ишканаларына карызы бар экенин билдирген. Мындан тышкары, Бег Сабурдун уулу көп кабаттуу үйлөрдү курууда мыйзамдарды бузуп, долбоордо каралбаган кошумча кабаттарды салганы жана мамлекеттик экспертизадан өтпөстөн эле курулуш иштерин баштаганы айтылып келген.
Тажикстандын Байланыш кызматын 2011-жылдан бери башкарып келген Бег Сабур турак жай куруу менен активдүү алектенет жана кыйыр түрдө "Комил-2010" компаниясынын башчысы болуп эсептелет.
Дагы караңыз
Израил Ливандагы ХАМАС тобуна жооп иретинде сокку урдуОрусиялык күчтөр Херсондун Станислав айылын аткылаганда балдар жараат алды "ВКонтакте" чет өлкөгө кетүүгө байланышкан кызматтарды жарнамалоого тыюу салдыТүркияда Орхан Инандынын кезектеги соту өттү