Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:24

"ВКонтакте" чет өлкөгө кетүүгө байланышкан кызматтарды жарнамалоого тыюу салды


Орусиядагы "ВКонтакте" социалдык түйүнү чет өлкөгө кетүүгө, анын ичинде башка мамлекетте жашап туруу укугун алууга жана окууга тапшырууга байланышкан кызматтарды жарнамалоого тыюу салды.

Бул тууралуу ишкерлердин релокациясы боюнча кызмат көрсөткөн компаниянын ээси Алексей Поспехов билдирип, соцтүйүндүн колдоо кызматы жөнөткөн тиешелүү мазмундагы жооптун скриншотун жарыялады.

Маалыматка караганда, "ачык жарыяланбаган тыюу" былтыр күзүндө – "жарым-жартылай" мобилизация жарыялагандан кийин киргизилген.

"ВКонтактенин" басма сөз кызматы The Insider басылмасына берген комментарийинде колдоо кызматынын жообун "туура эмес" деп атап, окуяны "адам фактору" менен түшүндүргөн.

"ВКонтакте" социалдык түйүнүнө "Газпром-медиа" холдинги жана "Согаз" камсыздандыруу тобу көзөмөл кылат. Булардын акцияларынын көбү Владимир Путиндин досу Юрий Ковальчуктун үй-бүлөсүнө жана "Газпром" компаниясынын президенти Михаил Шеломовдун жээнине таандык. "ВКонтактени" президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Сергей Кириенконун уулу Владимир Кириенко жетектейт.

Орусиялыктардын 2022-жылдагы бир нече жолку миграция толкунунан кийин мындай тыюуну бийлик көзөмөлдөгөн медиа аянтчалар менен ЖМКлар да киргизгени кабарланган.

XS
SM
MD
LG