"Ата-Бейитте" Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 7-апрель, 2023-жыл.

7-апрелде президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик ыңкылабынын курмандыктарын эскеришти.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирип, ага Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана башка кызмат адамдары катышканын кабарлады.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 7-апрель, 2023-жыл.

Алар 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окушту.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө 90го жакын киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.

Кыргызстанда бул күн “7-апрель Элдик апрель революциясы” деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте мейманканалардын биринде үч кишинин сөөгү табылдыПрезидент Жапаров Апрель элдик революциясына карата кайрылуу жасадыБишкекте Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилдиАпрель элдик ыңкылабына 13 жыл болдуКемпир-Абад иши: активисттер камакта отургандар боюнча ЕККУга кайрылдыМалиев Швейцария банкында 1,3 тонна кыргыз алтыны сакталып турганын айтты