Бишкек мэриясы эски автобустарды аукционго коет

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментиндеги жарактан чыккан автобустар.

Бишкек мэриясы шаардын муниципалитетинин менчигиндеги жарактан чыккан эски автобустарды сатуу боюнча 12-майда аукцион өткөргөнү жатат. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Сатыла турган автоунаалардын тизмеси бекитилди жана кепилдик төлөмдүн өлчөмү ЛОТтун баштапкы наркынын 10% өлчөмүндө аныкталды. Арыздар 10-майга чейин кабыл алынат.

Президент Садыр Жапаров 1-апрелде Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине күтүүсүз текшерүү менен барып, эски автобустарды металлоломго чыгарып, жаңы автобустарга орун даярдоо тапшырмасын берген.

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментиндеги жарактан чыккан автобустар.

Бишкек мэриясына газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алынып, быйыл 1-февралда тапшырылган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жакын арада шаарга дагы миң автобус алынарын билдирген.

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров ушул жылдын аягына чейин калаада коомдук транспорт көйгөйү толугу менен чечилет деген убада берген. Соңку жылдары шаарда жол тыгыны көбөйүп, негизги маселелердин бирине айланды.

Кыргызстанда коомдук транспортко байланыштуу маселе өлкө эгемендик алгандан бери эле толук чечилбей келет. Жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатына жана транспорт таңкыстыгы тууралуу коомчулукта нааразылык көп. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте мейманканалардын биринде үч кишинин сөөгү табылдыПрезидент Жапаров Апрель элдик революциясына карата кайрылуу жасадыБишкекте Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилдиАпрель элдик ыңкылабына 13 жыл болдуКемпир-Абад иши: активисттер камакта отургандар боюнча ЕККУга кайрылды