Бишкекте мейманканалардын биринде үч кишинин сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында 6-апрелде мейманкалардын биринде үч кишинин – бир эркек, эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Милиция кызматкерлери эркек киши 39 жашта экенин тактады. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ал чет өлкөнүн жараны экенин, алар баңгизатты ашыкча колдонуудан каза болгонун жазышууда. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Апрель элдик революциясына карата кайрылуу жасадыБишкекте Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилдиАпрель элдик ыңкылабына 13 жыл болдуКемпир-Абад иши: активисттер камакта отургандар боюнча ЕККУга кайрылдыМалиев Швейцария банкында 1,3 тонна кыргыз алтыны сакталып турганын айттыЕврокомиссия: Си Цзинпин Зеленский менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтты