Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чокеев үй камагына чыкты

Кайрат Чокеев.

“Бейбаштыкка” шек саналып кармалган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев үй камагына чыкты. Мындай чечимди 5-апрелде Аламүдүн райондук соту чыгарганын Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облустук милициясы 9-мартта Кайрат Чокеев кармалганын, анын үйүн тинтүү учурунда травматикалык тапанчанын октору табылганын билдирген. Анын кармалышына 26-февралда өзүн шаардык администрациянын өкүлү деп тааныштырган адамдар Токмоктогу “Салтанат Кейджи” ишканасынын кеңсесине барып, “Яндекс GO” такси кызматынын шаардан чыгып кетүүсүн талап кылып, коркутушканы себеп болгону айтылган.

Дагы караңыз Депутаттын кармалышы, Самаевдин карааны

10-мартта Кайрат Чокеевге Токмок шаардык ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кайрат Чокеев 2021-жылы Токмок шаардык кеңешине “Вместе-Бирге” партиясы менен депутат болуп келип, көпчүлүк коалицияны жетектеп калган. Ал шаардын мэри Урмат Самаев менен “көп жылдан бери бир командада экенин” 2021-жылы ырастаган. Ага чейин, ошол эле жылы 1-декабрда анын ысымы “Ата Мекен” партиясынын ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаевге болгон кол салууда да айтылган. (BTo)

Дагы караңыз

Таласта Апрель окуясынын курмандыктары эскерилдиПарламентте кыздарга жасалган зомбулук боюнча маселе көтөрүлдүУКМК Кара-Көлдөгү өткөрмө бекетте коррупциялык схема аныкталганын билдирдиДепутат аймактык реформа парламентте талкууланышы керектигин айттыАкылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн билдирдиЖалал-Абад шаарында Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди