Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Депутат аймактык реформа парламентте талкууланышы керектигин айтты


Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо административдик-аймактык реформаны жүргүзүү, айылдарды ирилештирүү маселеси парламентте да талкууланышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 6-апрелдеги жыйынында айтты.

“Конституциянын 80-беренесинин 9-бөлүмүндө “Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт” деп жазылып турат. Демек Жогорку Кеңешке сөзсүз келиш керек деп ойлойбуз. Аймакташууда жергиликтүү бийлик элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай жатат. Баягы эле 6-7 адамды топтоп документтерин долбоорго өткөрүп беришти. Бул өтө чекилик жана чийки. Жөн жаткан элге бүлүк салбаш керек”.

5-апрелде президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформаны Нарын облусунда пилоттук режимде баштоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, облустагы айыл аймактар ирилештирилет.

Жарлыкта Нарын облусунун бириктирилген айыл аймактардын жергиликтүү бюджетине киреше салыгынан түшүүчү каражаттын 50% Нарындын райондорун өнүктүрүү фондуна берүү тапшырмасы жазылган. Ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча 10 миллион сомдон бөлүнөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG