УКМК Кара-Көлдөгү өткөрмө бекетте коррупциялык схема аныкталганын билдирди

Бишкек-Ош автоунаа жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөлдөө бекетинен коррупциялык схема аныкталып, 4-апрелде 13 кызматкер кармалганын билдирди. Алар "жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жана уруксат берилген чектен ашыкча салмакта жүк жүктөлгөн унааларды өткөрүп турган" деп айыпталууда.

Алардын ичинен сегиз киши Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик көзөмөлдөө бекетинин кызматкери, бекеттин улук нөөмөтчүсү, транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы болгон.

“Ашыкча салмактын категориясына жана даражасына жараша посттун кызматкерлери ар бир унаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча каражатын алып турушкан. Бул кылмыштуу ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, алар аралыктан мониторинг жүргүзүү жана жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмагын белгилөө менен бирге, бузууларды жашыргандыгы үчүн посттун кызматкерлеринен системалуу түрдө “өз үлүшүн” алып турушкан”, - деп айтылат УКМКнын 6-апрелде тараткан маалыматында.

Бул коррупциялык схеманын уюштуруучулары өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жүргүзүү үчүн атайын кызматтын кызматкерлерине бир нече жолу пара берүүгө аракет кылышканы да айтылат.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды. Транспорт жана коммуникация министрлиги комментарий бере элек.

Атайын кызмат башка салмак-габариттик көзөмөлдөө жайларынан да коррупциялык схемалар аныкталганын билдирген. Алсак, былтыр февраль айында кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде жүк өткөрүүдөгү коррупциялык схемага шек саналып Мамлекеттик салык кызматынын, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери кармалган. Алар өткөрмө бекеттеги салмак-габариттик көзөмөлдөө жайынан айрым жүктөрдү каттоодо товарлардын наркы жана көлөмү төмөн көрсөткөн деп шектелген.

Дагы караңыз

Парламентте кыздарга жасалган зомбулук боюнча маселе көтөрүлдүАкылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн билдирдиЖалал-Абад шаарында Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди ИИМ жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун алууну сунуштады