Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

ИИМ жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун алууну сунуштады


Жол коопсуздугун тескеген кызматкер. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Жол коопсуздугун тескеген кызматкер. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун (пения) алып салуу сунушун берди. Буга байланыштуу Тартип бузуу жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 2019-жылдын 4-мартынан 2023-жылдын 1-мартына чейин жол эрежесин бузган айдоочуларга 3 миллион 708 миң 293 токтом чыгарылган.

Ички иштер министрлиги айып пулга жыгылган айдоочулардын 7,1% айыпты туум менен төлөгөнүн кабарлады. Министрлик айып пулдун туум каражатын өндүрүүгө бюджеттен бир жылда 118,4 миллион сомдой акча жумшаларын билдирди. Бул каражат почта кызматына, кагазга, сот аткаруучулардын чыгымдарына кетет.

Быйыл 8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирди. Жаңы эреже боюнча мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгерде экинчи жолу алкоголдук ичимдик ичип кармалса, үч жылга машине айдоо укугунан ажырайт. Мурда мас айдоочу 17,5 миң сом айып пул төлөчү.

Үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG