Депутат аймактык реформа парламентте талкууланышы керектигин айтты

Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо административдик-аймактык реформаны жүргүзүү, айылдарды ирилештирүү маселеси парламентте да талкууланышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 6-апрелдеги жыйынында айтты.

“Конституциянын 80-беренесинин 9-бөлүмүндө “Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт” деп жазылып турат. Демек Жогорку Кеңешке сөзсүз келиш керек деп ойлойбуз. Аймакташууда жергиликтүү бийлик элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө албай жатат. Баягы эле 6-7 адамды топтоп документтерин долбоорго өткөрүп беришти. Бул өтө чекилик жана чийки. Жөн жаткан элге бүлүк салбаш керек”.

5-апрелде президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформаны Нарын облусунда пилоттук режимде баштоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, облустагы айыл аймактар ирилештирилет.

Жарлыкта Нарын облусунун бириктирилген айыл аймактардын жергиликтүү бюджетине киреше салыгынан түшүүчү каражаттын 50% Нарындын райондорун өнүктүрүү фондуна берүү тапшырмасы жазылган. Ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча 10 миллион сомдон бөлүнөт. (BTo)

Дагы караңыз

Жалал-Абад шаарында Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди ИИМ жол эрежесин бузгандарга айып пулдун туумун алууну сунуштадыМелитополь шаарында катуу жардыруулар болгону кабарландыУкраинада согуш башталгандан бери 50 укук коргоочу, журналист набыт болдуАлмамбет Матубраимов Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болдуАкылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн билдирди