Алмамбет Матубраимов Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болду

Алмамбет Матубраимов “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” программасында.

5-апрелде Кыргызстан Эл ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев кызматтан кетип, ордуна Алмамбет Матубраимов шайланды. Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев бул кызматка 2019-жылы ассамблеянын IX кезексиз курултайында шайланган.

71 жаштагы Алмамбет Матубраимов 1995-1997-жыдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. 2000-2011-жылдары президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.

Кыргызстан Эл ассамблеясы өлкөдөгү этностордун улуттук кызыкчылыгын көздөгөн коомдук уюм.

Ал 1994-жылы Бишкек шаарында, Кыргызстан элинин I курултайында уюшулган. (BTo)

Дагы караңыз

Израилдин полициясы Ал-Акса мечитинин жанында палестиналыктар менен кагылыша кеттиАкыйкатчы зордукталган секелектин иши боюнча сот чечимдерин сынга алдыЭстония санкцияга кирген орус телеканалдарын көрсөткөн 53 порталды бөгөттөдүЗеленский: Украина Польшаны эң жакын өнөктөшү деп кабыл алатЖК каржы пирамидасын жарнама кылгандарды жоопко тартуу долбоорун колдодуЭл артисти Сталбек Алмасбеков каза болду