Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:30

ЖК каржы пирамидасын жарнама кылгандарды жоопко тартуу долбоорун колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 5-апрелдеги жыйынында Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылган адамдарды жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. Документ эми президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнама кылгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин абакка кесилет. Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов жазып чыккан.

Кыргызстанда каржы пирамидаларына акчасын алдатып, сызга отуруп калгандар көп. Милиция элди жеңил жана тез киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин кабарлап келет.

Кыргызстанда белгилүү эстрада ырчылары, диний аалымдар, блогерлер жана тамада, алып баруучулар каржы пирамидасын жарнамалаган учурлар кездешет.

Тармактык маркетинг түшүнүгү 1945-жылы АКШда ишкер Ли Майтингер менен Уильям Кэсселбери Nutrilite Products компаниясынын улуттук таркатуучусу болуп дайындалгандан кийин башталган.

Бизнестин бул түрү Орусияга 1990-жылдары келип, андан Кыргызстанга да жеткен. Түштүк Корея, Кытай жана АКШда маркетингдин мындай түрүн чектеген айрым мыйзамдар бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG