Өкмөт "Карвен", "Каприз" пансионаттарынын акциясын сатууну пландап жатат

Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт Ысык-Көлдөгү “Карвен-четыре сезона” эс алуу жайынын 33% үлүшүн жана “Каприз” пансионатынын 27,34% акциясын сатууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Канатбек Тургунбеков Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, жакында эс алуу жайларын баалоо жараяны өтүп, наркы аныкталса, сатыкка чыгат.

“Карвен-четыре сезона” жоопкерчилиги чектелген коомунун 33% үлүшү мурдагы депутат, экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык болчу. Ал бир нече кылмыштары үчүн 2019-жылы сыртынан 10 жылга соттолуп, мүлктөрү мамлекетке алынган.

“Каприз” 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн чечими менен улутташтырылган 47 объектинин арасында болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Кайра шайлоого катышуу ниетин жети талапкер билдирдиМашиев “Акун” пансионаты мамлекетке өткөрүлбөгөнүн билдирдиБир аптада 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылдыБритания БУУнун Орусия чакырган жыйынын чагылдырууга каршы чыктыДонецк облусунда орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан төрт киши мерт кеттиКыргызстанда салттуу музыка жумалыгы өтөтАКШнын экс-президенти Дональд Трампка айыбы угузулду